super.kg logo
  Спорт  

Парижде Кыргызстандын бокс федерациясынын президенти сыйлоо аземине катышты

 

Париждеги Жайкы Олимп оюндарында мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна сыйлык тапшыруу аземине Кыргызстандын бокс федерациясынын президенти – Улуттук олимпиада комитетинин президентинин кеңешчиси Умбеталы Кыдыралиев катышып, медаль такты. Бул туурасында бүгүн, 11-августта Министрлер кабинетинин telegram-каналы билдирди.

Уюштуруучулардын бул кадамга барышына Мунарбек Сейитбек уулунун күмүш медаль алышы түрткү болгондугу белгиленген.

“Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытовдун өтүнүчү менен Оюндарды уюштуруу комитети сыйлыктарды тапшырууга Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлөрү гана катыша турган эрежеден четтеп кетти. Бул ошондой эле Олимпиада оюндарынын тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын мушкеринин медалга ээ болушуна байланыштуу болду”, - деп белгиленген маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: