super.kg logo
  Спорт  

"Укмуш эмоцияларды тартууладың". Президент Мунарбек Сейитбек уулун куттуктады (видео)

 

Бүгүн, 11-августта президенти Садыр Жапаров телефон аркылуу сүйлөшүүдө мушкер Мунарбек Сейитбек уулун Парижде өткөн Олимп оюндарында күмүш медаль утушу менен куттуктады. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Мунарбек Сейитбек уулу өз жеңиши менен элидин, ата-бабалардын баатыр мүнөзүн дүйнө жүзүнө даана, так көрсөткөнүн белгиледи.

Садыр Жапаров талыкпаган, жан аябаган машыгуулардын аркасында жетишилген бул жеңиш бүткүл элдин сыймыгы экенин баса белгилеп, спортчунун жетишкендиги менен соцтармакта биринен бири ашып кыргызстандыктар гана эмес, бүткүл дүйнөдөгүлөр сыймыктанып жатканын кошумчалады.

“Сен баарыбызга укмуш эмоцияларды тартууладың!” - деди президент.

Мамлекет башчысы мындан туура бир жыл мурун Мунарбек Сейитбек уулун кабыл алганында, Союз маалында кыргыз бокс мектебинин атагы дүңгүрөп, андан кийин эгемендик жылдарында, тилекке каршы, солгундап, ал турсун унутулуп баратканы жөнүндө айтканын эске салды. Бирок анын жеңиши кыргыз мушкерлеринин уучу куру эмес - дагы деле күчтүү жана чоң жетишкендиктерге жөндөмдүү экенин далилдеп койду.

Садыр Жапаров улуттук курама команданын мүчөсүнө, анын машыктыруучуларына жана секунданттарына бул тарыхый жеңишке алып келген талыкпаган эмгеги жана аракети үчүн терең ыраазычылык билдирди.

“Сен бүткүл кыргыз элинин сөөгүн агартып, намысына жарадың, иним! Тарых жараткан жеңишиң менен дагы бир жолу куттуктайм! Азаматсың!” - деди президент.

Мамлекет башчысы ошондой эле Олимпиадага катышкан бардык кыргыз спортчуларына Мекенине аман-эсен кайтып келишин каалап кетти.

Өз кезегинде Мунарбек Сейитбек уулу президент Садыр Жапаровго жана жалпы кыргыз элине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул колдоо ийгиликке жетүүгө жардам бергенин белгиледи.






"Укмуш эмоцияларды тартууладың". Президент Мунарбек Сейитбек уулун куттуктады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: