Париж Олимпиадасынын алтын медалынын баасы белгилүү болду
Париж шаарында өткөн Жайкы Олимпиада оюндарынын алтын медалы 529 грамм. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Париж Олимпиадасынын алтын медалынын алты граммын гана таза алтын түзөт. Медалдын калган 95,4 пайызы күмүштөн жасалган. Баалуу металлдардын учурдагы баасына таянсак, Париждеги алтын медалдын баасы болжол менен 950 долларды же болжол менен 81 миң сомду түзөт.
Эгер медаль толугу менен алтындан жасалган болсо, анын баасы 41 миң доллардын тегерегинде болмок. Мындай таза алтындан жасалган медаль акыркы жолу 1912-жылы Стокгольмдо өткөн Олимпиадада ыйгарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.