super.kg logo

Беларусь Украина менен чек арасына танктарын алып келгенин жарыялады (фото)

 

Беларусь Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн танктары Украина менен болгон чек арага жакын жерге жайгаштырылып жатат. Бул тууралуу кечээ, 11-августта Беларустун Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Механикалаштырылган кошуундардын биринин бөлүктөрү аскердик техникаларды темир жол транспортуна жүктөп, белгиленген аймактарга жеткиришүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белаурсь министрлиги ошондой эле чек арага жакын жерге жеткирилип жаткан оор аскердик техникалардын сүрөттөрүн жарыялады.

Буга чейин коргоо министри Виктор Хренин Украина армиясынын Орусиянын Курск аймагындагы чабуулунун фонунда Украина менен чектеш аймактарда аскерлердин тобун көбөйтүүнү жарыялаган. Ага ылайык, Гомель жана Мозырь аймактарына атайын операциялык күчтөрдүн аскердик бөлүктөрү, ошондой эле "Полонез" ракеталык комплекстери жана "Искандер" комплекстери жөнөтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: