super.kg logo

Таш-Көмүрдөгү кырсык: Милиция 63 жаштагы киши 3 небереси менен чогуу каза болгонун айтты

 

Таш-Көмүр шаарындагы турак үйдөн чыккан өрттөн 4 адам каза тапты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 12-августта Жалал-Абад ОИИБинен тастыктады.

Маалыматка ылайык, кечээ күнү саат 18:00 чамасында Таш-Көмүр ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө милициянын аймактык тескөөчүсү Панфилов көчөсүндөгү үй өрттөнүп жаткандыгын кабарлаган.

Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери ӨКМ куткаруучуларынын өрттү өчүрүрүп жатышканына күбө болушкан.

Бул факты боюнча топтолгон материал өрт кырсыгы катары катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Териштирүүдө кырсык болгон үйдө 63 жаштагы жаран 9, 10 жана 6 жаштагы небелери менен болгону такталган. Алар кырсык болордун алдында уктап калышкан. Жансыз денелер күйгөн абалда үйдөн алып чыгарылган. Ал эми өрт саат 21:30 убактысында өчүрүлүп, жансыз денелер шаардык оорукананын өлүкканасына жеткирилген.

"Учурда өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык жана өрт кырсыгы эмне себептен келип чыккандыгын аныктоого өрт техникалык эспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Болжолдуу түрдө өрт үйдүн ичине орнотулган кондиционерден келип чыгуусу мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: