super.kg logo

Индияда храмдагы майрамда 7 адам тепсендиде калып каза болду

 

Индияда храмдагы салтанат учурунда жаралган баш аламандыктан 7 адам каза болгонун чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматтарга караганда, окуя кечээ, 11-август күнү кечинде Бихар штатындагы индустардын ибадатканасында орун алган.

NDTV телеканалы билдиргендей, майрам учурунда гүл менен гирлянда сатуучулардын ортосунда чыр чыккан. Чырды басуу үчүн Улуттук кадет корпусунун ыктыярчылары (куралдуу күчтөрдүн алдындагы массалык уюм) мушташтын катышуучуларын бамбук таяктар (латхи) менен сабап башташкан. Бул элди ого бетер дүрбөлөңгө салып, баш аламандыкка алып келген. Натыйжада 7 адам тепсендиде калып каза тапкан, 35 адам ар кандай жаракат алган.

Салаттандын катышуучулары кесипкөй полиция кызматкерлери аз тартылганын, храмдын ичинде болбогонун, ал жакта ыктыярдуу курстанттар гана турганын айтып, жергиликтүү бийликти коопсуздукту камсыздай албаганы үчүн айыпташкан. Ал эми ибадаткана жайгашкан райондун администрация иш-чара жобого ылайык уюштурулганын белгилеп, эч кандай шалаакылыкка жол берилбегенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: