super.kg logo

Ысык-Көлдө майыптыгы бар кыздын кордолушу: Акыйкатчы кыздын укугун коргоого чакырды

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көлдө зордукталган экинчи топтогу майып кызга тиешелүү мамлекеттик органдарды кечиктирилгис жардам көрсөтүүгө чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

“Мындай жарандар ансыз да мамлекеттик деңгээлде өзгөчө корголууга муктаж. Тилекке каршы, майыптыгы бар кыздарыбыздын кордолушу мени өтө тынчсыздандырат. Мамлекеттик жана укук коргоо органдары майыптыгы бар жарандарга кордук көрсөткөндөргө катаал чараларды көрүшү керек”, - деди акыйкатчы.

Акыйкатчы институтунун облустагы өкүлчүлүгү жабырлануучунун апасына укуктук жана юридикалык жардам көрсөтүштү. Кызга тажрыйбалуу психологдун жардамы дайындалды. Акыйкатчынын өкүлү Ысык-Көл облусунун жаңы дайындалган прокурору менен жолугуп, бул ишти жеке көзөмөлүнө алууну сунуштады.

Мекеме жабырлануучу кыздын ата-энеси милиция кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармабай жатканына нааразы болуп жатканын маалымдады.

“Кызым 24 жашта, экинчи топтогу майып, 20 пайыз гана угат жана жакшы сүйлөй албайт.

Кызымдын майыптыгынан пайдаланып, уурдап кетип, ээн талаада таштардын арасынан зордукташкан. Ошол учурда кызымдын буту сынган. Анан мал сарайга алып барып, үч сутка бою камап алып, сабап, кордоп, зордуктаган. Азыр кызымдын психологиялык абалы оор, ага атайын адистердин жардамы керек. Бүгүнкү күндө кызымды зордуктагандардын бирөөсү эркиндикте жүргөнү мени өтө капалантат. Кызымды кордогондордун баары тиешелүү жазаларын алып, адилет чечим кабыл алынса экен дейм”, - деген кыздын апасы.

Буга чейин Ысык-Көлдө майыптыгы бар кызды зордуктаган деген шек менен 31 жана 36 жаштагы жарандар кармалганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: