super.kg logo
  Спорт  

"Жылуу сөздөрдү окудум". Эрлан Шеров Париж Олимпиадасынан кийин билдирүү жасады

 

Кыргыз дзюдочусу Эрлан Шеров Instagram баракчасы аркылуу Парижде өткөн Олимпиада оюндарында аны колдогондорго ыраазычылыгын билдирди.

"Өлкөмдү жогорку дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу мени кубандырат. Мен оюндарга чейин жана андан кийин мага жөнөтүлгөн көптөгөн жылуу жана күчтүү сөздөрдү окудум. Мени ар кандай кырдаалда колдогонуңуздар үчүн чоң рахмат.

Биздин федерацияга, курама командага жана ошондой эле машыктыруучуларга ыраазычылык билдирем! Күндө эртең менен-кечинде чогуу машыгып, жакын адамдардан болуп калдык. Желегибизди көтөрүү, тарыхты жазуу жана жакшы эстеликтерди калтыруу боюнча биргелешкен аракеттерибиз мени кандай гана болбосун алдыга жылууга шыктандырып, түрткү берет. Ар дайым жанымда болуп, ушул жолдо мени колдоп келген үй-бүлөмө, ата-энеме, туугандарыма жана досторума чоң таазим", - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Шеров Олимп оюндарына дзюдо боюнча катышкан. Ал 1/16 финалындагы кубалык атаандашын жеңип алса, 1/8де испаниялыкка жеңилип калып, жүрүшүн жыйынтыктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: