super.kg logo
  Спорт  

Жоламан Шаршенбеков кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди

 

Балбан Жоламан Шаршенбеков Парижде өткөн Жайкы Олимпиада оюндарынан кийин билдирүү жасады. Ал кыргызстандыктарга Олимпиадада көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Мага болгон ишенимиңиздердин жана колдооңуздардын жардамы менен коло медалга ээ болдум. Бул жетишкендик мага гана эмес, менин сапарымдын ар бир этабында колдоп, жанымда жүргөндөргө таандык. Агайларга, дарыгерлерге, массажчыларга, мамлекеттке, күрөш федерациясына жана спортчуларды Олимпиадага даярдоого катышкан бардык адамдарга чоң рахмат! Менин ийгилигиме кошкон колдооңуздар жана салымыңыздар үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем! Бул медаль биздин жалпы жеңишибиз, мен аны сүйүктүү мекенимдин ар бир жаранына арнайм!", - деп жазды Шаршенбеков социалдык тармактагы баракчасына.

Белгилей кетсек, Олимп оюндарында коло байге үчүн беттеште Жоламан Шаршенбеков азиялык атаандашы болгон ирандык Мехди Мохсен Нежад менен кез келип, атаандашын 3:1 эсебинде жеңип алды. Муну менен Шаршенбеков карьерасында биринчи жолу Олимпиада медалын утту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: