super.kg logo
  Спорт  

Садыр Жапаров Олимпиадага катышкан 16 спортчунун ар бирине унаа берди

 

Бүгүн, 13-августта Парижде өткөн Жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар өлкөгө кайтып келишти.

Аларды тосуп алуу аземи учурда Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) уланууда.

Салтанатка президент Садыр Жапаров келип, спортчулар жана алардын машыктыруучулары кызыл килемден өтүштү.

Анда Олимпиадага катышкан 16 спортчунун ар бирине унаа берилди.

Ошондой эле күмүш байге алган Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулуна 10 миллион сомдон берилди.

Ал эми коло медалга ээ болгон Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков жана Үзүр Жузупбековго 7 миллион сомдон берилди.

Калган спортчуларга 1 миллион жана 500 миң сомдон тапшырылды.






13.08.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: