super.kg logo

"Биз үчүн алтынсыңар". Садыр Жапаров Олимпиадага катышкан спортчуларды куттуктады

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Парижде өткөн 33-Жайкы Олимпиада оюндарына катышып келген спортчуларды куттуктады.

Анда Жапаров спортчулардын ар бирине токтолуп, спорттогу өзгөчөлүктөрүн белгиледи.

"Силер жараткан ийгиликтер – элиңердин төбөсүн көккө жеткире кубантып, ажайып сезимдерге бөлөп, мекенге болгон сүйүүсүн арттырып, улут биримдигин чыңдоого өзгөчө жетишкендик болду!

Силердин ар бир медалыңар, ар бир жеңишиңер - биз үчүн алтын! Силердин өзүңөр биз үчүн алтынсыңар. Жалпы Кыргызстан эли силер менен сыймыктанат!" - деди Жапаров.

Ошондой эле президент Кыргызстандын намысын коргой турган бардык мелдештер өтө маанилүү жана өтө жоопкерчиликтүү экенин айтты.

Спортту, спортчуларды колдоо, керектүү шарттарды түзүү мындан ары да улана берерин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: