super.kg logo
  Спорт  

Үзүр Жузупбеков Олимпиада коңшу өлкөлөрдүн ынтымагын көргөзгөнүн айтты

 

Бүгүн, 13-августта Бишкек шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Париж шаарында өткөн XXXIII Жайкы Олимпиадада өлкө намысын коргогон спортчуларды сыйлоо аземи өттү. Анда грек-рим күрөшүнөн коло байге жеңип келген Үзүр Жузупбеков Париж Олимпиадасы коңшу өлкө элдеринин ынтымагын көргөзгөнүн айтты.

"Бул Олимп оюндары Орто Азияда бекемдиктин жана достуктун символу болду деп ойлойм. Анткени Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан өздөрүнүн достук мамилелерин билдиришти. Спорт - дүйнөнүн элчиси. Бүгүнкү күндө өлкө балбандары жакшы ийгиликтерге жетти деп толук айта алабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн эски аянттагы сыйлоо аземинде балбан Жузупбековго 7 миллион сом жана унаа берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: