super.kg logo

Кыргыз спортчуларына берилген унаалар Кыргызстанда чогултулганы айтылды

 

Париж шаарында өткөн Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларга белекке берилген унаалар өлкөдө чогултулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Олимпиада катышуучусу болгон 10 спортчуга берилген автокөлүктөр жакында өлкөдө ачылган унаа заводунда чогултулган.

"Бүгүн спортчуларыбызды күтүп алып, өлкөбүз кубанычка бөлөндү. Жеңишти бирге белгиледик. Дагы бир кубанычтуу маалымат менен бөлүшө кетейин. Олимп оюндарынын жеңүүчүлөрүнөн тышкары катышуучуларга берилген 10 даана унаа Кыргызстанда чыгарылган. Болгондо дагы жакында эле ачылган унаа заводдон даярдалган, эң алгачкы өндүрүштүн алдын президенттин колунан белекке алышты. Улуттук спорт – ата мекендик өндүрүш!" - деп жазган Орунбеков.

Белгилей кетсек, XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарында өлкө намысын коргогон 16 спортчуга Chevrolet жана Kia үлгүсүндөгү унаалар белекке берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: