super.kg logo

"Халык Банк Кыргызстан" O!Bank болуп аталышын өзгөртөт

 

12 августта «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын акционерлери тарабынан банктын аталышын O!Bank кылып өзгөртүү тууралуу чечими кабыл алынды. Ошентип, O!Bank кыргызстандыктарга бүгүн эле көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү – мобилдик жана кадимки байланыш кызматтарына кошулуу жана башкаруудан баштап смартфон аркылуу ыңгайлуу төлөмдөр жана финансылык сервистерге чейин тартуулап жаткан «Мой О!» супер тиркемеси менен O! экосистемасынын ажырагыс бөлүгү болуп калат.

O!Bank ишинде көңүлүн жеке жактарга жана ишкерлерге инновациялык, ыңгайлуу жана жеткиликтүү продукттарды жана кызматтарды көрсөтүүгө топтойт.

«Халык Банк Кыргызстан» бренди 20 жыл бою Кыргызстандын рыногунун ишенимдүү катышуучусу болуп келгенин белгилей кетүү керек. O!Bank эки өлкөнүн ортосундагы бизнести өнүктүрүүнү колдоо менен «Народный банк Казахстана» менен бекем өнөктөштүк мамилелерин сактап калууну ниет кылат. Банктын аталышын өзгөртүү процессии Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарында жана КРУБда тиешелүү жол-жоболордон өткөндөн кийин аяктайт.

№044 КРУБ Лицензиясы 22.06.2017 ж.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: