Бокс 2028-жылы өтө турган Олимпиададан алынышы мүмкүн
Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Лос-Анжелестеги келерки Олимпиада оюндарында бокс олимпиадалык спорттун тизмесинен чыгарылышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, буга акыркы мезгилдерде сүйүүчүлөр арасындагы боксто паракорчулук көбөйүп жатканы себеп болууда.
"Биз чечим мүмкүн болушунча тезирээк кабыл алынышын каалайбыз", - деген Бах.
Үч жыл мурун ушундай эле жүйө менен каратэ дагы Олимпиада оюндарынан алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.