super.kg logo
  Спорт  

Армения Эл аралык Олимпиада комитетинен алтын медаль талап кылды

 

Армениянын Улуттук Олимпиада комитети Париждеги Олимпиада оюндарында балбан Артур Алексаняндын беттеши боюнча Эл аралык Олимпиада комитетинин Апелляциялык комиссиясына арыз менен кайрылды. Бул тууралуу армениялык басылмалар жазышты.

Финалдык беттеште башкы фаворит болгон Артур Алексанян ирандык Мохаммад Хади Саравиге утулуп калган.

"Эл аралык күрөш федерациясы калыстар туура чечим чыгарган деп кат түрүндө жооп берди. Биздин 100 пайыз туура экенибиз бул чындык. Армениянын Улуттук олимпиада комитети Армениянын Күрөш федерациясынын кайрылуусун жана Эл аралык күрөш федерациясынын жообун тиркеп, ЭОКтун Апелляциялык комитетине кайрылды.

Олимпиадалык оюндарда күрөштүн башка түрлөрүндө ушундай эле жагдайларга такыр тескери мамиле кылган учурлар болгон. Артур Алексаняндын бул күрөштө утулбай турганына биз көбүрөөк ишенебиз. Апелляциялык комиссия чечсин. Биз алтын медалыбызды акырына чейин талап кылабыз", - деген Армениянын спорт министри Карен Гилоян.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: