Жоламан Шаршенбеков Париж Олимпиадасында тамак-аш көйгөйү болбогонун айтты
Париж Олимпиадасында тамак-аш боюнча эч кандай көйгөй болгон жок. Бул тууралуу коло байге уткан кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Ал спортчулардын күрөшүнө тамактануу да, убакыт айырмачылыгы да таасир этпегенин белгиледи.
"Социалдык тармактарда тамак-аш боюнча талкуулар көбөйүп кетти. Башка спортчулар жеген тамакты биз деле жедик, баарыбызга шарттар бирдей түзүлгөн. Тамак-аш боюнча көйгөй болгон жок. Дарыгерлерибиз тооктун шорпосун жасап берип жатышты", - деди балбан.
Жоламан Шаршенбеков Париж Олимпиадасындагы тамак-аш боюнча айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.