Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөштү
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул боюнча өлкө башчынын администрациясынан билдиришти.
Анда Жапаров Япониянын түштүк-батышында жакында болгон жер титирөөгө байланыштуу жапон элине колдоо сөздөрүн билдирди.
Алар сүйлөшүүдө кыргыз-япон мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, эки тараптуу жана регионалдык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты.
Өз кезегинде Фумио Кисида Япония Кыргызстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен мамилелерди чыңдоого берилгендигин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

