super.kg logo

УКМК Жалил Атамбаев менен Салайдин Айдаровдун кармалышы боюнча үн катты

 

Мурдагы укук коргоо кызматкери, учурдагы ишкер Жалил Атамбаев менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдоо жана уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоо фактылары боюнча кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат Атамбаев жогорку кызматтарды ээлеп турган кезде мыйзамсыз жолдор менен олуттуу финансылык каражаттарды ээлеп алгандыгын, ИИМден кеткенден кийин курулуш бизнесин түптөгөнүн аныктаган.

"Атамбаев өзүнүн бизнес империясын кеңейтүү максатын көздөп, Өзбекстандын кылмыш чөйрөсүнүн лидери, 1-августта УКМК тарабынан издөө жарыяланган Абдувалиев Салим Кыргызбаевич (Салимбай Байбача) менен жакын мамиледе болгон. Өз кезегинде Абдувалиев ага колдоо көрсөтүп, бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп берген, ал үчүн кыргыз ишкеринен эбегейсиз каражат алган. Мындан тышкары кылмыш ишинин дагы бир фигуранты Айдаров дагы Абдувалиевге ар тараптан сый-урмат көрсөтүп, ишмердүүлүгүнө колдоо алган", - деп айтылат маалыматта.

УКМК учурда трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыш иштерине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштерин улантып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, кечээ, 12-августта Салайдин Айдаров менен Жалил Атамбаевдин кармалганы белгилүү болгон.






13.08.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: