Париж-2024: Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынганда эмнеге көзүнө жаш алганын айтты
Парижде күмүш медаль тагынган спортчу Мээрим Жуманазарова Олимпиада пьедесталында кубанычтан да, өкүнүчтөн да көзүнө жаш алганын айтты.
Бүгүн, 13-августта өтүп жаткан маалымат жыйында балбан кыз сыйлоо аземи учурунда эки сезимде болгонун айтты.
"Ал жактан утулдум деп өкүнөсүң. Бирок утулсаң деле колуңда күмүш бар. Күмүш алып, кайра алтынга жетпегениңе өкүнөсүң. Спортчулар аны түшүнсө керек", - деди ал.
Ошондой эле Жуманазарова беттешке чыгар алдында толкунданганын, ар бир спортчу өзүн жоготпой, алдыга умтулуусу керек экенин белгиледи.
Мээрим Жуманазарова 13.08.24
Мээрим Жуманазарова 13.08.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.