super.kg logo
  Спорт  

Спорт департаменти Мунарбек Сейитбек уулунун билети боюнча үн катты

 

Олимпиададан өлкөгө кайткан учак билети спортчу катышып жаткан мелдеш аяктаган күнгө карап алынат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов маалымат жыйында айтты.

Ал күмүш байге алган кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулуна "чейрек финалга чейин эле билет алынган" деген сын-пикирлерге жооп берди.

"Мелдеш бүткөндө кайра артка билет алынат. Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова мелдештин биринчи күндөрүндө күрөштү. Алар байге алгандан кийин 13-августта команда менен барат деп алардын билетин алмаштырдым. Мунарбектин мелдеши да 11-августка караган түнү аяктамак. Билет ошол күнгө алынган. Башкы машыктыруучулар өзүнүн программасын карап, кайсы мелдеш качан бүтөрүн көрсөтүп Улуттук Олимпиада комитетине маалымат берет. Биз ошого жараша билеттерди алабыз. "Финалга чыгабы, жарым финалда утулабы?" деп айтылган пикирлер жалган маалымат", - деди Абдымомунов.






Департамент Мунарбек Сейитбек уулуна "чейрек финалга чейин эле билет алынган" деген сын-пикирлерге жооп берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: