Казак акындары "Кызыл өрүктүн" обону менен кыргыз спортчуларын ырга салды (видео)
Белгилүү казак акындары Жандарбек Булгаков менен Сырым Ауезхан Париж шаарында өткөн Олимпиадада Кыргызстан менен Өзбекстандын жараткан ийгиликтерин ырга салды.
"Кызыл желегин желбиреткен,
Кыргыз деген эр жүрөктүү экен.
Бир туугандын ар медалын,
Куттуктайбыз кең жүрөктөн.
Кызыл желек, кызыл желек,
Казак үчүн орду бөлөк", - деп белгилүү "Кызыл өрүк" ырынын обонуна салышкан.
Ошондой эле казак төкмөлөрү өзбек спортчуларынын жетишкендиктерин "Бололу бирге" ырынын обону менен ырдашкан.
Белгилей кетсек, XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарында Өзбекстан 8 алтын, 2 күмүш, 3 коло медаль менен 13-орунду ээлесе, Казакстан 1 алтын, 3 күмүш, 3 коло менен 43-сапка жайгашты. Ал эми Кыргызстан 2 күмүш, 4 коло байге алып, жалпы эсептик сапта 68-орунду камсыздады.
13.08.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.