super.kg logo

MBANK тиркемесинде Кыргызстандан 160 өлкөгө ыкчам акча которуулар

 

ААК «Кыргызстан Коммерциялык банкы» Кыргызстандагы алдыңкы банктардын бири болгон - MBANK, Кыргызстанда биринчилерден болуп уникалдуу, тез акча которуу кызматын сунуштады. Эми сиз MBANK тиркемеси аркылуу дүйнөнүн 160 өлкөсүнө түз акча жөнөтө аласыз.

Жаңы кызмат MBANK'‎тын кардарларына которууларды салттуу ыкмаларды колдонууга караганда, алда канча тез жана ыңгайлуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Жаңы кызматтын артыкчылыктары:

  • Ылдамдык: Каражаттар токтоосуз, ыкчам жөнөтүлөт, бул сизге финансылык маселелерди тез чечүүгө мүмкүндүк берет.
  • Ыңгайлуулук: которууларды каалаган убакта, каалаган жерден MBANK тиркемесин колдонуу менен жүргүзүүгө болот. Банктын кеңселерине баруунун же татаал формаларды толтуруунун зарылылыгы жок.
  • Ар түрдүүлүк: Телефон номуру аркылуу мобилдик капчыктар жана банк эсептерине которуулар боюнча колдоо, колдонуучуларга акча каражаттарын жөнөтүү ыкмаларынын кеңири тандоосун берет.
  • Коопсуздук: Бардык которуулар заманбап шифрлөө технологиялары менен корголгон, бул маалыматтардын жана каражаттардын коопсуздугуна кепилдик берет.

Жаңы эл аралык трансфер кызматын ишке киргизүү бул –MBANKтын глобалдык өнүгүү багытындагы дагы бир кадамы. Биз кардарларга Кыргызстанда да, чет өлкөлөрдө да эң ыңгайлуу жана коопсуз финансылык чечимдерди сунуштоого умтулабыз”, - деп баса белгиледи MBANK'тын стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү директору Марат Төралиев.

Жаңы мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн кардарлар:

  • MBANK'‎ты ачып, "Төлөмдөр" бөлүмүнө өтүңүз.
  • "Которуулар" → "Башка өлкөгө" категориясынан тандаңыз.
  • "Которуу түрүн" тандаңыз.
  • Төлөм кызматын тандаңыз.

Комиссиянын суммасы банк өнөктөшүнө жана которуунун түрүнө жараша болот.

Тарифтер, шарттар жана комиссиялар тууралуу кененирээк банктын www.mbank.kg расмий сайтынан биле аласыз.

MBANK – биринчи санарип!

УБ КР лицензиясы №014.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: