super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз спортчуларына диетолог менен психологдун эмне себептен жок экени айтылды

 

Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчиси Айбек Абдымомунов маалымат жыйында кыргыз спортчуларына диетолог менен психологдун кажети жок экенин айтты.

Анын билдиришинче, диетолог менен психологдор спортчуларды мелдештерде дайыма коштоп жүрө алышпайт.

"Машыктыруучулар спортчуларды ийне-жибине чейин билишет. Спортчулар окуу-машыгууларда айлап-айлап жүрүшөт, мелдештерге барышат. Андыктан диетолог менен психологдор аларды дайыма коштоп жүрө алышпайт. Машыктыруучулардын өздөрүнүн программалары бар, 4 жылга ылайыктап программа түзүшөт. Буга байланыштуу диетолог менен психологдордун кажети жок", - деди Абдымомунов.

Буга чейин коомчулукта Париж Олимпиадасына барган кыргыз спортчуларына түзүлгөн шарт, күрөш боюнча курама командада диетолог, психолог жоктугу тууралуу маселе көтөрүлгөн.






Спорт департаменти спортчуларга диетолог менен психологдун кереги жок экенин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: