"Абдыш-Ата" клубу АФК Чакырык Лигасына жолдомо алды
Бүгүн, 13-августта Кыргызстандын "Абдыш-Ата" клубу АФК Чакырык Лигасынын алгачкы баскычы алкагында ооганстандык "Аттак Энерджи" клубу менен кез келди. Беттеш Жалал-Абад шаарынын "Курманбек" стадионунда орун алды.
Оюн 2:0 эсебинде "Абдыш-Ата" клубунун жеңиши менен аяктады. Алгач 11-мүнөттө Атай Жумашев гол жаратса, экинчи голду 51-мүнөттө Кайрат Жыргалбек уулу киргизди. Ошентип бул жеңиш менен Кыргызстандын клубу турнирдин тайпалык этабына болгон жолдомону камсыздады.
Тайпалык баскычка чүчүкулак тартуу аземи 22-августта орун алып, анын жыйынтыгында командалар 5 тайпага бөлүнүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.