super.kg logo

Бишкектеги оюн-зоок жайларынын биринде 15 жашар кызды жылан чагып алды (видео)

 

Бишкектеги соода жана оюн-зоок борборлорунун биринде өспүрүм кызды жылан чагып алды. Бул тууралуу маалыматты Ленин РИИБинен ырастады.

Маалыматка ылайык, окуя 12-августта саат 20:15тер чамасында орун алган. Анда 15 жаштагы кыз зоопарктын кызматкеринин ордуна 2 саатка иштеп турган маалда болгон. Жеринде өспүрүмгө медайым биринчи жардам көрсөтүп, андан кийин ооруканага алып кетишкен.

Ал эми кыздын атасы арыз жазуудан баш тартып, кызын дарыгерлер текшергенин, абалы жакшы экенин айткан.

Окуя боюнча тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталганы кошумчаланды.






Видео: Акипресс

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: