super.kg logo

Париж-2024: Трансгендер делген мушкерди өлкөсү истребителдер менен тосуп алды (фото) 

 

Тайвань өлкөнүн Париж Олимпиадасына катышып келе жаткан спортчуларын ардактуу тосуп алуу үчүн бир нече F-16 истребителдерин жөнөттү. Бул тууралуу Тайвандын Коргоо министрлиги расмий сайтында маалымдады.

Истребитель менен тосуп алгандардын арасында Олимпиада жаңжалына кабылган мушкер Линь Юйтин дагы бар. Ал Олимпиадада алтын байге уткан.

издин истребителдердин үнүн угуп жатасыздарбы? Ооба, бул биздин баатырларыбызга болгон сый-урмат", - деп айтылат Тайвандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Жалпысынан Тайвандын спортчулары Париж Олимпиадасында эки алтын жана беш коло медалга ээ болушту.

Эске салсак, Париждеги оюндарда дал ушул Юйтин менен алжирлик мушкер Иман Хелиф жаңжалга кабылышкан. Эки спортчу тең гендердик тесттен өтпөй калгандыктан 2023-жылкы Дүйнө чемпиондугуна катышуу укугунан ажыратылган, бирок алар 2024-жылкы Олимпиада оюндарына катышууга уруксат алышкан. Олимпиада учурунда бул спортчуларга күйөрмандар жана атаандаштары нааразычылыгын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: