super.kg logo

Эртең телефондорду ИМТга каттоону кийинкиге жылдыруунун акыркы күнү

 

Эгерде сиздин телефонуңуз Идентификациялоонун мамлекеттик тутумундаМТ) катталбаса, анда шашылуу керек! 15-августта мобилдик түзүлүштөрдүн IMEI коддорун каттоонун жылдырылган мөөнөтү аяктайт. Катталбаган телефондор Кыргызстандын мобилдик тармактарында иштебейт. Beeline мобилдик оператору каттоого байланыштуу эң маанилүү учурларды эскертет.

Телефондун IMEI кодун кантип билсе болот?

IMEI коддор 15 сандан турган ар бир мобилдик түзүлүш үчүн уникалдуу идентификатордук номерлер. Аларды телефон кутучасынан, анын корпусунан же алынуучу кубаттагычтын стикеринен тапса болот же *#06# буйругу менен биле аласыз.

IMEI катталуу абалын кантип текшерсе болот?

IMEI-кодду төмөнкү ыкмалардын бири менен текшериңиз:

Телефондун IMEI коддору катталбаса, эмне кылуу керек?

Эгер сиз Кыргызстанда катталбаган телефонду сатып алган болсоңуз, дароо сатып алган жериңиз менен байланышыңыз жана сатуучудан түзүлүштү www.imei.kg/stockreg шилтемеси аркылуу каттоону сураныңыз. Бул иш-аракетти 2024-жылдын 15-августуна чейин аткаруу керек.

Кошумча слотторду же eSIM картаны кантип каттаса болот?

Кош SIM-карталары жана eSIM колдоосу бар телефондордо, бир гана (негизги) слоттун IMEI коду катталган болушу мүмкүн. Экинчи слоттун жана eSIMдин коддорун каттоо үчүн шашылыш түрдө support@imei.kg электрондук дарегине төмөнкү маалымат менен кат жөнөтүңүз:

  • Телефонуңуздун бардык IMEI коддору;
  • IMEI коддору менен телефонуңуздун экранынын скриншоту (*#06# териңиз жана скриншот кылыңыз).

Телефон сатып алгыңыз келеби? Сатууга чыккан бардык телефондор мурунтан эле катталган болушу керек экени эсиңизде болсун. Жаңы телефон сатып алардан мурун, жогоруда көрсөтүлгөн ыкмалардын бирин колдонуп, IMEI коддорунун каттоо абалын текшерүүнү унутпаңыз.

Көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн телефондорду ишенимдүү соода түйүндөрүнөн сатып алыңыз. Apple компаниясынын ыйгарым укуктуу реселлери Beeline Кыргызстан бардык эрежелерге ылайык ИМТда каттоодон өткөн расмий iPhone телефондорун сунуштайт. Apple компаниясынын жогорку сапаттагы өнүмдөрүн пайдалуу шарттарда Beeline’дын Бишкектеги кеңселеринен сатып алсаңыз болот:

1) «Дордой Плаза-2» СОБ (Ибраимов көч., 115);

2) Asia Mall СБ (Ч. Айтматов пр., 3);

3) «Бишкек Парк» СБ (Киев көч., 148);

4) «Асыл-Таш» ББ (Ибраимов көч., 115/1).

Телефонуңуз ишенимдүү болсун жана байланышты чектөөсүз колдонуңуз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: