Сузакта жаңы мечит пайдаланууга берилди
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сузак айылында курулуп жаткан Абу Бакыр Сыддык атындагы мечиттин курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муфтияттан кабарлады.
Ага ылайык, жаңы курулган мечит 1200-1500 орунга ылайыкташкан.
Мечиттин ачылышына облустун мусулмандар казысы Нематулла Жээнбеков, райондун акими Баратбек Сыдыкназаров жана жергиликтүү тургундар катышты.
"Нематулла Жээнбеков аталган мечиттин эсепттик каттоодон өткөндүгү туурасындагы күбөлүктү тапшырды. Аталган мечиттин имамы болуп райондун баш имам-хатиби Жүнүс ажы Исмаилов убактылуу дайындалды", - деп жазылат анда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.