super.kg logo
  Спорт  

Дмитрий Биволдун мурдагы аялы мушкердин атаандашы Канело аркылуу алимент алууну көздөдү

 

Бокс боюнча жеңил салмактагы дүйнө чемпиону, кыргызстандык мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Бивол социалдык тармактын колдонуучуларын мексикалык Сауль Альвареске кат жазууга үндөдү.

Екатерина менен Дмитрий Бивол бир жыл мурун ажырашып кетишкен, бирок мурунку жубайы мушкерден алимент талап кылып келет. Анын пикиринде, мексикалык дүйнө чемпиону Сауль Альварес гана Биволду алимент төлөөгө көндүрө алат.

"Комментарийге "Канело" деп жазыңыздарчы. Мен үчүн эч ким туруп бере албайт. Ал гана жок эле дегенде ачык айта алат. Бул чоң аудиторияга ээ атактуу мушкер. Ал гана мага жардам бере алат. Сураныч, мага эмес, комментарийге "Канело" деп жазсаңыздар", - деп жазган Екатерина социалдык тармактагы баракчасына.

Дмитрий менен Екатерина Бивол экөө тең 16 жашында Санкт-Петербургдун аэропортунан таанышышкан. Жубайлар Мирон жана Никон аттуу эки уулдуу болушкан.

2023-жылдын апрель айында Екатерина Бивол жолдошу экөө эки ажырым жолго түшкөнүн билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: