super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы: "Кумтөрдөн" алынган алтынды бөлүшсөк компанияны салыктардан бошотушубузга туура келет"

 

Парламентте бүгүн, 26-декабрда  "Кумтөр" маселеси каралууда. Депутаттар кыргыз өкмөтү менен канадалык "Центерра Голд.Инк" компаниясынын акцияларды  50х50 пайыздык үлүш менен бөлүшүп, биргелешип иш алып баруу тууралуу даярдалган долбоорду талкуулашууда.

ЖКнын депутаты Дамира Ниязалиева келишим кабыл алынгандан кийин Кыргызстанга  2014-жылы түшө турган пайда тууралуу өкмөт башчыга суроо узатты. “Азыркы келишим боюнча биз салыктарды, айлык акыларды алабыз. Мурдагыдай эле иштейбиз. Салыктар 100 миллион доллардын тегерегинде болот. Ысык-Көл өнүгүү программасына 6-7 миллион доллар түшөт. Болочокто биргелешип иш алып барып калсак 132 миллион доллар таза киреше түшөт",- деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Мындан сырткары Дамира Ниязалиеванын “Өкмөт сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда эмнеге алынган алтынды бөлүштүрүүгө сүйлөшкөн жоксуңар?” деген суроосуна “Анда биз чыгашаны өзүбүз төлөп, компанияны салыктардан бошотушубузга туура келет” деди премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: