super.kg logo
  Саясат  

Сузак округунан депутаттыкка талапкерлердин саны 9га жетти      

 

№13 Сузак бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны тогузга жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

14-августка карата БШКга арыз менен кайрылган талапкерлердин тизмеси:

1) Алтынбек Кылычбаев;

2) Санжарбек Энназаров;

3) Нурдин Эрматов;

4) Манас Максутов;

5) Бейшенбек Бегматов;

6) Жыргалбек Сейдахматов;

7) Мелисбек Кошалиев;

8) Медербек Сапарбаев;

9) Ынакбек Айдаров.

Белгилей кетсек, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 22-августта аяктайт. Ал эми шайлоо 22-сентябрда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: