super.kg logo
  Спорт  

КРнын Дзюдо федерациясы тарабынан дзюдочу Юрий Краковецкийге BMW 520 үлгүсүндөгү автоунаа ыйгарылды

 

КРнын Дзюдо федерациясы дзюдо боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөсү Юрий Краковецкийге BMW 520 үлгүсүндөгү автоунаа ыйгарды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда аталган спорт түрү  боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган федерациянын президенти Рыспек Мааткабылов эгер спортчу Азия чемпиондугунун финалына чыкса, автоунаа белек кыларын айткан.

Эске салсак, Таиландда өткөн Азия биринчилигинде Юрий Краковецкий финалга чыгып, утулуп калган. Ошентип, спортчу мелдештин күмүш медалын тагынган. Жыйынтыгында ал Кыргызстандын тарыхында Азия биринчилигинде күмүш медаль тагынган биринчи дзюдочу болгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: