super.kg logo

Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ишкерлери жолугушат 

 

Бүгүн, 14-августта Бишкекте тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Ошону менен бирге Атаханов эки өлкөнүн экономикалык дипломатия жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү, Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берерине ишеним артты.

Ушул контекстте министрдин орун басары 27-августка белгиленген Кыргыз-Сауд Ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйыны эки өлкөнүн бизнесмендери жана инвесторлору үчүн өз ара аракеттенүү жана кызматташуу үчүн жагымдуу аянтча болуп калат деген үмүтүн билдирди.

Өз кезегинде элчи Аль-Ради Атахановго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди жана кыргыз-сауд мамилесин сапаттык жаңы деңгээлге чыгару үчүн зарыл болгон күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Алар эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: