Премьер-министр: "Кумтөрдү" улутташтырууга барсак, 3 миллиард доллар компенсация төлөп беришибиз керек"
Парламентте бүгүн, 26-декабрда "Кумтөр" маселеси каралууда. Депутаттар кыргыз өкмөтү менен канадалык "Центерра Голд.Инк" компаниясынын акцияларды 50х50 пайыздык үлүш менен бөлүшүп, биргелешип иш алып баруу тууралуу даярдалган долбоорду талкуулашууда.
Анда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөрдү” улутташтырууда 3 миллиард доллар компенсация төлөө керек” деп билдирди.
Анын айтымында, аталган кенди улутташтыруу процесси өтө татаал. “Кыргызстан демократиялык өлкө жана өкмөт “Кумтөрдүн” айланасындагы окуялардын өнүгүшүн карабайт. Улутташтыруу үчүн өлкөгө 3-5 жыл керек болот. Аны менен катар компенсация төлөп беришибиз керек”,- деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

