super.kg logo
  Спорт  

КФБнын биринчи вице-президенти өспүрүмдөр курамасы менен жолугушту 

 

Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев Кыргызстандын U-17 өспүрүмдөр курамасынын оюнчулары жана машыктыруучулар штабынын өкүлдөрү меген жолукту.

КФБдан билдиргендей, ал команда катыша турган Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын өспүрүмдөр курамалары арасындагы эл аралык мелдешинде (CAFA U-17 Championship) оюнчуларга ийгилик каалады.

Эске салсак, Кыргызстандын курама командасынын катышуусундагы бул мелдеш 17-августта Тажикстандын Дүйшөнбү шаарында старт алат. Ага Кыргызстандан сырткары Иран, Ооганстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан курамалары катышат.

Бул турнир Игорь Никитиндин оюнчулары үчүн октябрь айында өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына даярдык болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: