super.kg logo

Жогорку соттун төрагасы тергөө органдарына кайрылды 

 

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков тергөө органдарына кайрылып, соттун чечими чыкканга чейин кылмышка шек саналган адамдардын күнөөсүздүк презумпциясын сактоого чакырды. Анын кайрылуусун мекеменин басма сөз кызматы 14-августта таратты.

Базарбеков тергөө органдары коомчулукта талкуу жараткан кармоолор жана айыптоолор боюнча маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына шашылыш билдирип, коомчулукка кылмыш далилденгендей кабар берилип, кармалгандар кылмышкер катары көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал мындай агрессивдүү маалымат саясаты, күнөөсүздүк принцибин четке кагып, коомчулуктун сот бийлигине болгон ишенимин жоготорун кошумчалады.

"Конституциянын 57-беренесинде бекитилген күнөөсүздүк презумпциясы — адилеттүүлүктүн негизги принциптеринин бири болуп саналат. Анда ар бир адам "күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт" деп айтылат. Бул принцип Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Судьяларга байланыштуу тергөө органдары тараткан маалымат боюнча бир мисал келтирейин. Бул маалымат шашылыш түрдө чыккандыгы көрүнүп турат. Анткени чуулгандуу маалыматтан бир аз убакыт өткөндөн кийин тергөөчү кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтом чыгарган", - деп айтылат кайрылууда.

Замирбек Базарбеков сөз кайсы судья тууралуу болуп жатканын тактаган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: