super.kg logo
  Спорт  

Париж Паралимпиада оюндарына өлкөдөн төрт спортчу барат

 
28-августтан 8-сентябрга чейин Париж шаарында өтө турган XVII Жайкы паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан төрт спортчу барат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Ага ылайык, пара дзюдо боюнча Маматибраим Суранов 73 килограммга чейинки салмакта катышат. Пара пауэрлифтинг боюнча Миргүл Болоталиева 86 килограммга чейинки салмак категориясында катышат.
Ал эми пара триатлон боюнча Айтунук Жоомарт кызы, пара жеңил атлетика боюнча Гүлназ Жүзбаева өлкө намысын коргошот.
Жайкы XVII паралимпиада оюндарына жалпы 22 спорттун түрү боюнча 549 медаль ойнотулат.





Париж Паралимпиада оюндарына өлкөдөн төрт спортчу барат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: