super.kg logo
  Спорт  

Килиан Мбаппе "Реалдагы" биринчи оюнунда эле гол киргизип, кубок утту (видео)

 

Жай айында ПСЖ клубунан Испаниянын "Реал Мадрид" клубуна өткөн атактуу футболчу Килиан Мбаппе мадриддик клубдагы биринчи оюнунда эле кубок утту.

Бүгүн, 15-августка караган түнү УЕФАнын Суперкубогу үчүн "Реал" менен "Аталанта" клубу кез келди. Беттеш Варшава шаарында өтүп, 2:0 эсебинде мадриддик клубдун жеңиши менен аяктады.

Беттештеги голдорду 59-мүнөттө Федерико Вальверде жана 68-мүнөттө Килиан Мбаппе киргизди.

Бул Мбаппенин "Реалдагы" дебюттук оюну болуп, алгачкы оюнунда эле гол киргизип, кубок көтөрдү.

"Реал Мадрид" тарыхта алтынчы жолу УЕФАнын Суперкубогун жеңген алгачкы клуб болду (2002, 2014, 2016, 2017, 2022, 2024). "Барселона" менен "Милан" УЕФАнын Суперкубогун беш жолу жеңип алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: