super.kg logo

Кыргызстан жаратылыш кырсыктарын алдын алууда Казакстан менен кызматташат

 

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Кыргызстандын жана Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин VI биргелешкен коллегиясы өттү. Бул туурасында министрликтин маалымат борбору кечээ, 14-августта билдирди.

Маалымдалгандай, кезектеги коллегия министр Бообек Ажикеевдин жана казакстандык кесиптеши Чингис Ариновдун төрагалыгында өттү.

“Алтынча ирет өтүп жаткан коллегиянын жүрүшүндө тараптар кырсыктардын алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда биргелешкен машыгууларды өткөрүү, тажрыйба алмашуу, материалдык-техникалык жактан колдоо көрсөтүү, трансчекаралык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал учурунда биргеликте кесепеттерин жоюу, Борбор Азия жер изилдөө институтунун изилдөөлөрүн колдонуу менен жаңы ыкмаларды киргизүү боюнча бир катар маанилүү макулдашууларды камтыган протоколго кол коюшту”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин VII коллегиясы 2026-жылы Казакстанда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: