Ысык-Көлдө самбо боюнча Дүйнө кубогу башталды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиргендей, мелдешке 14 өлкөдөн келген 200дөн ашык спортчу катышат. Анда спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча мелдештер өтөт.
Бүгүн чыга турган улуттук курамдын тизмеси:
Спорттук самбо (кыз-келиндер арасында):
- 54 килограмм салмакта Акак Үсөн кызы, Аяна Рыскулбекова;
- 59 килограмм салмакта Аида Асанбекова, Улара Карыпбекова;
- 72 килограмм салмакта Динара Камчибекова, Адинай Алмазова;
- 80 килограмм салмакта Назима Амантурова.
Спорттук самбо (эркектер арасында):
- 58 килограмм салмакта Камил Оболбеков, Сандар Марип уулу;
- 71 килограмм салмакта Алай Сартов, Олжобай Күйкөнов;
- 88 килограмм салмакта Жамалбек Асылбек уулу, Фарух Мамаджанов;
- 98+ килограмм салмакта Бекболот Токтогонов, Нуртилек Рысбеков.
Күжүрмөн самбо (эркектер арасында):
- 64 килограмм салмакта Саяк Бараканов, Исланбек Өмүржан уулу;
- 79 килограмм салмакта Элзар Орозалиев, Вахап Абдуллаев;
- 98 килограмм салмакта Нурсултан Тайлаков, Кошаалы Назаркулов.
Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилигинде мелдешке катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.