super.kg logo

Мурдагы министр Динара Кутманованын жана анын баласынын камактагы мөөнөтү узартылды  

 

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын жана анын уулу Кемелбек Кутмановдун абактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалымдалгандай, соттун чечими менен алардын абактагы мөөнөтү 5-октябрга чейин узартылды.

Учурда соттук териштирүү иштери башталды.

Белгилей кетсек, экс-министр Динара Кутманова жана уулу Кемелбек Кутманов Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен айыпталууда.

Өткөн жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 25-июлда Динара Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактылардын алкагында кармалганын кабарлаган.

Ал министр болуп 2021-жылы 13-октябрда дайындалып, ушул жылдын март айында кызматынан бошотулган. Кутманова кызматтан кеткенден кийин билдирүү жасап, ал бул тармакка келгенде коррупцияны көрүп үрөйү учканын айткан.

Кутманованын уулу Кемелбек Кутманов 2023-жылдын 17-октябрында Түркиядан Кыргызстанга алып келинген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: