Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде лидерликти алдырды
Париж шаарында өткөн Олимпиададан кийин Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) рейтингин жаңылады. Анда грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмактагы Жоламан Шаршенбеков 3-орунга жайгашты. Ал буга чейин 1-сапта болчу.
Жаңыланган рейтингде Париж Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси кытайлык балбан Цао Лигуо 1-орунга чыкты. Ал эми 2-сапка алтын медаль тагынган япониялык Кеничиро Фумита жайгашты.
Белгилей кетсек, Жоламан жарым финалда Фумитага жеңилип калып, финалга өтө албай калган. Жыйынтыгында коло үчүн күрөшүп, ирандык Мехди Мохсен Нежадды утуп алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.