super.kg logo
  Спорт  

Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде бешинчи орунга түшүп калды

 

Белгилүү кыргыз балбаны Акжол Махмудов Дүйнөлүк күрөш уюмунун жаңыланган рейтингинде өз салмак категориясында бешинчи орунга жайгашты.

Париждеги Олимпиада оюндары аяктагандан кийин Дүйнөлүк күрөш уюму балбандардын рейтингин жарыялады. Анда кыргыз балбаны Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта 45 миң 200 упайы менен 5-орунга жайгашты.

Рейтингде биринчи орунга Олимпиада чемпиону болгон япониялык Нао Кусака көтөрүлдү. Ал 87 миң упайы менен башкалардан алда канча астыга кетти.

Экинчиге азербайжандык Санан Сулейманов жайгашса, үчүнчүнү Парижде коло медалга ээ болгон армениялык Малхас Амоян ээледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: