Париж Олимпиадасына барган казак спортчуларынан коронавирус аныкталды
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Париж Олимпиадасынан кайтып келген спортчулар менен болгон жолугушуусу жылдырылды. Буга бир катар спортчудан коронавирустун аныкталганы себеп болгонун жергиликтүү басылмалар жызып чыгышты.
"3 спортчудан COVID-19 аныкталды. Учурда алар дарыланып жатышат. Команданын башка мүчөлөрүнөн вирус табылган жок. Президент менен спортчулардын жолугушуусу август айынын соңуна жылдырылды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Парижде өткөн ХХХIII Жайкы Олимпиада оюндарында Казакстандын курамасы бир алтын, үч күмүш, үч коло медаль уткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.