ИИМдин кызматкерлери Орусиядагы "Кобальт-2024" машыгуусуна катышып жатат



Ички иштер министрлигинин өздүк курамы Орусиянын Новосибирск шаарында "Кобальт-2024" эл аралык атайын тактикалык машыгууларга катышууда. Бул тууралуу министрликтен билдирди.
Ага ылайык, машыгууга Атайын багыттагы полктун өздүк курамы жана аскер кызматкерлери катышып жатат.
"Атайын тактикалык машыгуу укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнүн заманбап коркунучтар жана чакырыктар менен күрөшүүдө эл аралык кызматташтыгын чыңдоого багытталган", - деп жазылат анда.
Машыгуу 13-август күнү башталган, 16-августка чейин өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.