super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз балбан кыздары дүйнөлүк рейтингде кандай орундарга ээ болду?

 

Париж шаарында өткөн Олимпиададан кийин Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) жаңыланган рейтингин жарыялады.

Анда Париж Олимпиадасында кыз-келиндер күрөшүнөн коло байге алган Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак ченинде 57 миң 200 упай менен 3-орунга жайгашты. Буга чейин Тыныбекова 1-сапта болчу.

Ал эми күмүш медалдын ээси Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта 41 миң 400 упай топтоп 16-тизмеден 4-сапка көтөрүлдү.

Олимп оюндарында 5-орунду ээлеген 76 килограммдагы Айпери Медет кызы 46 миң упай менен 4-орунга түшүп калды. Ал мурунку рейтингде 1-болчу.

Белгилей кетсек, XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарында Тыныбекова коло үчүн монголиялык балбан менен күрөшүп, 6:2 эсебинде жеңип алган. Жуманазова финалда америкалык Эмит Элор аттуу балбан кызга 0:3 эсебинде утулуп калып, күмүш медаль тагынган. Ал эми Айпери коло үчүн беттеште кубалык балбан кызга жеңилип калып, 5-орунду камсыздаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: