super.kg logo

Испаниянын атактуу футболчусунун атасы бычакталды

 

Каталониялык "Барселона" клубунун жана Испания курама командасынын жаш чабуулчусу Ламин Ямалдын атасы Мунир Насрауиге кол салуу болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, анын атасы ичине эки ирет бычак менен сокку жеп, ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы турукаташып, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.

Каталония полициясы Мунирге кол салган үч жаранды кармаганын маалымдаган. Алар кошумчалагандай каргашалуу окуяга чейин футболчунун атасы кошуналары менен айтыша кеткен.

Белгилей кетсек, Германияда өткөн Евро-2024 оюнунун финалдык беттешинде Испания Англияны 2:1 эсебинде утуп, Евро чемпиондугун төрт жолу жеңген алгачкы өлкө болду.

Анда 17 жаштагы “Барселонанын” жылдызы, футболчу Ламин Ямал Евро-2024 чемпиондугунда мыкты жаш футболчу деп табылган.

Андан соң ал Гиннесстин рекорддор китебине кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: