super.kg logo
  Спорт  

Бекзат Алмаз уулунун Олимпиада учурунда бутун дарылатып жаткан видеосу тарады (видео

 

Спорт журналисти Тахир Гафуров өзүнүн Instagram баракчасына балбан Бекзат Алмаз уулу Париждеги Олимпиадада бутун дарылатып жатканы тартылган видео жүктөп, ал тууралуу билдирүү калтырды.

Анын айтымында, балбан Парижге барганда эле тизеси шишип кеткендиктен күнүнө 2 маал антибиотик сайдырып, тизесинен суу алдырып турган.

"Антибиотиктен Бекзаттын иммунитети алсырай түштү. Ага карабай алгачкы казак атаандашын жеңип алды. Ал чейрек финалда утулуп калганы менен, жубатуучу беттеште күчтүү делген кытайлык атаандашын 7:4 эсебинде жеңип чыкты. Негизи коло үчүн беттеште дагы жеңишке жете алмак", - деп жазган Гафуров.

Ошондой эле ал машыктыруучулар штабы Бекзатты башка балбанга алмаштырууга үлгүрбөй калышканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Париж шаарында өткөн XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарына эркин күрөш боюнча катышкан Бекзат Алмаз уулу коло үчүн беттеште өзбекстандык балбанга жеңилип калган.






15.08.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: