super.kg logo

УКМК уюлдук телефондорду милдеттүү каттоо боюнча билдирүү таратты

 
Бүгүн, 15-августта УКМК Кыргызстандын аймагында мамлекеттик мобилдик түзүлүштү идентификациялоо системасын ишке киргизүү жөнүндө билдирүү таратты. Анда мамлекеттик идентификациялоо системасы (МИС) - мамлекетке импорттолуучу SIM-карталарды иштетүүчү түзүлүштөрдүн стандарттарын көзөмөлдөө үчүн иштелип чыккан комплекстүү система, ошондой эле мыйзамдарга ылайык колдонулуучу түзмөктөрдү каттоо үчүн бардык жыйымдарды, бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөнү камсыз кылуу аракети экендиги белгиленген.
Ошондой эле каттоо үчүн 600 сомдук төлөм смартфондорду импорттоочу ишкерлер тарабынан төлөнөт. Жеке жактар Кыргызстанга жылына 2ден ашык эмес уюлдук аппаратты жеке пайдалануу үчүн акысыз алып кире алат.
Смартфон чет өлкөдөн алынып келинсе же өлкөдөн тышкары эл аралык базарлардан онлайн заказ кылынса “www.imei.kg” сайтында катталышы керек.
Аппараттарды өлкөдөн сатып алган адамдар, аны өз алдынча каттоонун кереги жок. Мобилдик түзмөктөрдү сатып алардан мурун, телефондогу *5656# буйрутмасын терүү, «www.imei.kg» веб-сайты же Beeline, Mega, O! байланыш операторлорунун тиркемеси аркылуу катталгандыгын текшерүү зарыл.
Токтомдо көрсөтүлгөндөй 25-июнга чейин өлкөдө катталбаган мобилдик түзүлүштөр, 2024-жылдын 16-августунан тартып өчүрүлөт. Байланышта болуу үчүн мобилдик аппараттарды ушул жылдын 15-августуна чейин каттоодон өткөрүү зарыл.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: